• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштогу Эдельвейс дачасына жаңы жол ачуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Эдельвейс дачасына жаңы жол ачуу иштери башталды, - деп кабарлайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

“Ош шаардык жолдор башкармалыгы” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда аталган аймакта шагыл төгүү, жол белгилерин орнотуу жана бетон тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат.

Жаңы жолдун ачылышы Ош шаарынын башкы планына ылайык жүргүзүлүүдө. Анын жалпы узундугу 3 чакырымды түзөт. План боюнча иш 10 күндүн ичинде бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий