• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эт азыктарын таратты

Аймак 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Сулайман-Тоо” жана “Манас-Ата” аймактык кеңешинин тургундары менен жолугуп, Курман айт майрамы менен куттуктап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө эт азыктарды таратты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, мэр сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакырган майрам өлкөгө өнүгүүнү алып келсин деп тилегин билдирди.

Белгилей кетсек, жалпысынан курмандык чалып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана улгайгандарга таратуу үчүн Ош шаарынын мэриясы аймактык кеңештерге акча каражатын бөлгөн. Ал калкынын санына жараша аймактарга бөлүнүп берилген.

Ош шаарында 12 аймактык кеңеш жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгы жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий