• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Патрулдук милиция башкармалыгында электр жарыгы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. 26-майда “Түндүк электр” ААК дебитордук карызы үчүн Бишкектеги шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу патрулдук милиция башкармалыгынын (ПМС) электр жарыгын өчүрүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, бүгүнкү күндө ПМСтин электр энергиясы үчүн карызы 715 миң сомду түзөт.

2017-жылдын төрт айында аталган абонент 505 миң сомго электр энергиясын колдонгон, анын ичинен 62 миң сому гана төлөнгөн.

ПМСтин электр жарыгы абоненттин өзүнүн балансындагы №1576 трансформатордук көмөк чордон менен камсыздалынат. Айта кетчү нерсе, ушул эле трансформатордук көмөк чордондон Васильевский тракт/Фучик көчөлөрүнүн участогунда жайгашкан светофор камсыздалган. Буга байланыштуу, “Түндүк электр” ААК ПМСтин электр жарыгын өчүрүү светофордун да өчүрүлүшүнө алып келерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий