• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр С.Жээнбеков: Өлкөнүн бардык облустарында бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңештери түзүлүшү керек

Өкмөт 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Бизнес менен мамлекеттин ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн эске алуу менен, бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү Кеңештери өлкөнүн бардык облустарында түзүлүшү керек, — деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы инвестиция жана бизнести өнүктүрүү Кеңешинин жыйынында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында Ысык-Көл облустук аймактык инвестициялык Кеңештин ишмердүүлүгү угулду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн негизги милдеттеринин бири орто жана чакан бизнес үчүн максималдуу шарттарды түзүү экенин билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, өлкөдө укук коргоо органдарын реформалоо, аны менен катар мамлекеттик органдар тарабынан чарбалык субъекттерди текшерүүнү кыскартуу иштери жүргүзүлдү.

«Мындай укуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмаштарга каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынан башка бардык органдар ажырады. Мындай чаралар өлкөдө инвестициялык активдүүлүктүн күч алышына жана аны тартууга жакшы жол ачарына ишенем. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да бизнес менен иштөөдө бюрократиялык тоскоолдуктарды максималдуу кыскартууга, жөнсүз текшерүүлөрдүн санын кыскартууга жана мамлекеттик жөнгө салуудагы рыноктук эмес ыкмаларды жоюу багытында тыгыз иш алып барат. Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан өлкөдө бизнеске максималдуу жагымдуу шарт түзүү боюнча тапшырма коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары да бул аракеттерди ишке ашыруунун үстүнөн иш алып барат», — деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Аны менен бирге ал республикалык деңгээлде керектүү мыйзамдар кабыл алынып, бизнести колдоо багытында башка да укуктук нормативдик актылар кабыл алынып жатканын кошумчалады.

«Анткен менен айрым мамлекеттик түзүмдөрдө бул багытта иштердин пассивдүүлүгү байкалууда. Аймактарда ишкерлер азыркыга чейин мамлекет тарабынан колдоону сезише элек. «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө, жалпы суммасы 800 млн сом болгон 2100 насыя берилди. Мындай ылдыйкы көрсөткүч, биринчи кезекте алардын насыя алуу жолдору тууралуу жетиштүү маалыматынын жоктугунан улам болууда. Муну эске алуу менен мамлекеттик органдардын жетекчилери жер жерлерде ар кандай даражадагы ишкерлер менен тыгыз байланышта болушу керек», — деди Өкмөт башчы.

Ал аймактарда ишкерлерге бизнес-план, орто жана чакан бизнес тууралуу дайыма семинарларды өткөрүп турууну тапшырды. Аны менен катар Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Россия өнүктүрүү Фонду айыл чарба ишкерлерин колдой турганын билдирди. Премьер-министр ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзамды аквтидештирүүнүн үстүнөн иш алып барууну, аны менен бирге бизнесте чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачуунун үстүнөн иш алып барууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий