• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент кетеринде, маданият кызматкерлери үчүн курула турчу үйгө капсула салуу аземине катышат

Президент 0

Бишкек, 22.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып, эртең, 23-ноябрда маданият кызматкерлери үчүн курула турчу үйгө капсула сала тургандыгын айтты.
“Мен дайыма маданият кызматкерлери үчүн бир нерсе кылууну кыялданчумун. Бүгүн бул жерде маданий ишмерлер отурат. Эртең маданият кызматкерлери үчүн үйдүн курулушу башталат. Бул максатта 400 млн сом сарпталды. Кетээрдин алдында болуп калгандыгы бир аз өкүндүрөт. Бирок, аягына чейин бүтөт деп ишенем”,-деп билдирди Атамбаев.
Мамлекет башчы бул сыйлыктардын бардыгы татыктуу экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий