• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабастан, калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө анын сапаты боюнча системалуу көйгөйлөр кала берүүдө. Бул кырдаалдын негизги себептери болуп материалдык-техникалык жактан жетишсиз камсыз кылуу, республикалык бюджеттен бөлүнгөн финансы каражаттарын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарын натыйжасыз пайдалануу, кадрдык тартыштык жана кызматкерлердин мотивациясынын төмөндүгү саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы түзүлгөндөн тартып соңку 25 жылдын ичинде ал тийиштүү түрдө өнүккөн жок жана медициналык кызматтар негизинен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары – ММК фонду) жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, ММК фондунун милдеттерин жана функцияларын финансылык камсыз кылууга арналган консолидацияланган бюджеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарын сапаттуу медициналык жана профилактикалык жардам менен кепилденген камсыз кылуу үчүн жооптуу аткаруучу орган болуп саналгандыктан, консолидацияланган бюджетти топтоочу жана финансылык каражаттарды тескөөчү финансылык органга айланды. Ошентип, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык, фармацевтикалык жана башка кызматтардын сапатын контролдоо боюнча негизги функциялары жетишсиз аткарылууда, ошондой эле ММК фондунун жарандардын кайрылууларын ыкчам чара көрүп кароо жана жарандардын медициналык жана башка кызматтардын сапатына канааттануусун изилдөө сыяктуу функциялары экинчи планда калып, сапатсыз ишке ашырылууда же таптакыр жүргүзүлбөй жатат.

Штаты жетиштүү сандагы аймактык бөлүмдөрү болсо да ММК фондунун Жобосунда жазылган көптөгөн функциялар натыйжасыз аткарылууда, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштеген калкты милдеттүү медициналык камсыздандырууга тартуу боюнча иш жетиштүү жүргүзүлбөй жатат.

Мамлекеттик финансылык ресурстарды кыйла натыйжалуу жана ачык пайдаланууну камсыз кылуу жана калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу Бирдиктүү төлөөчү системасында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо жолу менен саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо зарыл. Ошону менен бирге аймактык деңгээлде башкарууну күчөтүү, Бирдиктүү төлөөчү системасында базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну каржылоо принциптерин калкты милдеттүү медициналык камсыздандырууга камтууну кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү зарыл.

Саламаттык сактоо системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана саламаттык сактоо уюмдарын каржылоону тартипке келтирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын сапаттуу медициналык жардамды жана медициналык камсыздандырууну алууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

1. Республиканын калкына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо максатка ылайыктуу деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:

1) 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын каржылоо механизмдерин реформалоону жүргүзсүн;

2) Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында саламаттык сактоо уюмдарын каржылоо бөлүгүндө бюджетти өз убагында аткаруунун үзгүлтүксүз процессин сактоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;

3) бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

Пикир

Оставить комментарий