• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Душанбе шаарына учуп келди

Президент 0

Бишкек, 27.09.18 /Кабар/.Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Аэропортто Мамлекет башчысын Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхимов тосуп алды.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынында уюмдун азыркы ишмердигинин маселелери, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн өз ара кызматташуусунун келечеги талкууланат.

Саммиттин алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий