• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президент Жээнбеков Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Президент 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары бүгүн, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий