• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин маалымат катчысы: Садыр Жапаровдун саламаттыгы жакшы

Президент 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров ооруканада пландуу профилактикалык текшерүүдөн өткөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Белгилей кетсек, бир катар ЖМКлар Садыр Жапаров бүгүн эртең менен Президенттин иш башкармалыгынын атайын ооруканасында текшерүүдөн өткөндүгүн жазышкан.

"Мамлекет башчысынын ден соолугу жакшы", - деди Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий