• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Чаткал районунун прокурору, юстициянын подполковниги Бакирдин Жанузаков 54 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жанкузаков 7-июлда каза болгон.

Жанузаков Бакирдин Мусаевич прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып эмгектенип келген:

- 2004-2005-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын башкы адиси

- 2005-2006-ж.ж. – Талас районунун прокурорунун стажер-жардамчысы

- 2006-2008-ж.ж. – Талас районунун прокурорунун жардамчысы

- 2008-2009-ж.ж. – Кара-Буура районунун прокурорунун улук жардамчысы

- 2009-2010-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору

- 2010-2011-ж.ж. - Талас областтык прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы

- 2011-2019-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы

- 2019-2020-ж.ж. – Баткен областынын прокурорунун орун басары

- 2020-2022-ж.ж. – Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун прокурору

- 2022-жылдын 20-майынан тартып Чаткал районунун прокурору болуп дайындалган.

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жер жайлуу, топурагы торко болсун.

Пикир

Оставить комментарий