• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган. Шектүү катары Пакистан жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Аламүдүн районунда рак оорусунан айыктырууну убадалап акча алган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Аламүдүн райондук милициясына арыз менен Б.С. аттуу жаран кайрылып, өзүн Сиддик деп тааныштырган адам февраль айында рак менен ооруган баласын медициналык жол менен айыктырып берем деп ишеничине кирип, 5 миң 500 АКШ долларын алып изин жашырып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 41 жаштагы С.У.Р. аттуу Пакистандын жараны кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий