• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү өлүмгө алып келген аттракцион кырсыгы. Шектүү камактан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Ысык-Көл райондук соту тарабынан этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү беренеси менен айыпталып жаткан 16 жаштагы өспүрүм балага баш коргоо чарасы тандалды. Маалыматты “Кабар” агенттигине райондук соттон тастыкташты.

Соттон белгилешкендей, өспүрүм 18 жашка чыга элек жана кылмыш этиясыздыктан улам жасалган. Учурда кылмышка шектүү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 111-беренесинин негизинде мыйзамдуу өкүлүнүн кароосуна өткөрүп берилди.

Эске салсак, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн катердин айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, баллондо отурган үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген.

Белгиленгендей, жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле күнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү башка коргоо чарасы тандалганга чейин камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий