• 88.68
  • 95
  • 0.95

Энергетика министрлиги I жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-июлда Энергетика министрлигинде 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, коллегияга президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Беназир Нурланова, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана жалпы энергокомпаниялардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев жана ар бир энергокомпаниянын жетекчилиги 2023-жылдын I жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары жана 2023-жылдын II жарым жылдыгына каралган пландар боюнча доклад окуп, жетекчилик тарабынан суроолор берилип, тиешелүү адистер жооп берди.

Жалпысынан алганда 6 ай аралыгында энергетика тармагында бир катар жумуштар аткарылды. Энегетика тармагындагы жүргүзүлгөн реформанын алкагында:

  1. ЭКБ тууралуу мыйзам жаңыланышы.
  2. Бизнес процестерди автоматташтыруу ERP-система киргизүү.
  3. Кыргызстандын 2021-2025-жылдары карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизилди.
  4. “Электр станциялары ” ААКтын Каракөл шаарына көчүрүлдү.
  5. Энергетикадагы “Өзгөчө кырдаал” режиминин киргизилди.
  6. Бир катар Меморандум, келишимдерге кол коюлду.
  7. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК жоюлууда.
  8. “Камбар-Ата 1” ГЭС, “Куланак”, “Бала-Саруу” жана Чакан ГЭСтер салынууда.
  9. Абоненттер менен иштешүү үчүн ынгайлуу болгон “Мой свет” мобилдик тиркеме ишке кирди.
  10. Акыркы 20 жылдан бери иштебей келген “Түндүк Сох” газ сактоочу жайы ишке киргизилүүдө.
  11. Республикада биринчи болуп кубаттуулугу 10 МВтты түзгөн шамал электр станциясынын курулуш иши башталды.
  12. “Бишкек ЖЭБ” жана “Бишкекжулуулуктармагын” өзүнчө мамлекеттик ишкана кылып бириктирүү иштери жүргүзүлүүдө.
  13. Энергетика тармагын өнүктүрүү максатындагы бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.

Мындан тышкары 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылды:

  1. Көмүр, газ, мазут боюнча келишимдер түзүлүп, Казакстандан көмүр ташылып келе баштады.
  2. Электр энергиясын импортто боюнча келишимдер түзүлдү.
  3. Аны менен катар жылытуу тармагында жаңы отказандар орнотулуп,эскилиги жеткен түтүктөр жаңыланууда.
  4. Электр тармактар ишканалары быйыл жаңы техникалар менен камсыздалып, акылдуу эсептегичтерди орнотуп, СИП аба-чубалгыларын тартып, айрым көмөк чордондорду жаңылап жана күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин графиктин негизинде өз убагында аткарууда.
  5. ГЭСтердеги реконструкция иштеринин жүргүзүлүшү энергетика тармагындагы алгылыктуу иштердин катарын толуктайт.
  6. Күндөн, шамалдан электр энергиясын өндүрө турган станцияларды жана Чакан ГЭСтерди курууга бел байлаган жеке ишкерлер менен министр 2 жолу жолугушуу өткөрүп, чечилбеген маселелери талкууланды.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев иш-чаранын соңунда 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча айрым ишкананын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин алгылыктуу аткарылбаган иштерин баса белгилеп, электр энергиясын колдонуу өлчөмү боюнча лимитти сактабагандагы үчүн тийиштүү адистерге “сөгүш” жана “эскертүү” берип, айрымдарын ээлеген кызмат ордунан бошотуу чечимин чыгарды.

Ошондой эле авариялык өчүрүүнү азайтуу жана керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, келерки кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү бүгүнкү күндүн талабы экенин эскертип, энергокомпанияларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылууну, энергиянын кайра жаралуучу балактары боюнча долбоорлорду тездетип ишке ашырууну, 2023-жылга коюлган ар бир иш-план өз убагында аткарылуусу керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий