• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 4 ай ичинде 45 миң 981 чалуу түшкөн – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2020-жылдын 4 айында 45 миң 981 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 380 чалуу) түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Анын ичинен 2440 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 191 же 8,1% жаш балдардан, ал эми 2249 же 91,8% чоң адамдардан). Анын ичинен 2161 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 130 абонентке психологиялык консультация берилди, 149 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2440 чалуунун ичинен эркектерден – 560 (23,0%), аялдардан – 1880 (77,0%), балдардан– 191: анын ичинен эркек балдардан – 69 (36,0%), кыздардан - 21 (64,0 %).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурап – 876;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 601;

– социалдык жардам сурап – 213;

– психологиялык жабырлануудан – 112;

– ар кандай суроолор менен – 108;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 102;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 81;

– медициналык камсыздоо боюнча – 79;

–мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО кызматкерлерине же анын ишине нааразычылык билдирип – 71;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 59;

– билим берүү системасы боюнча – 59;

– БҮИТ борбору жөнүндө маалымат – 59;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу- 16;

– мектептеги рэкет тууралуу – 2;

– суицид боюнча – 2.

43 миң 541 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

  • Бишкек шаарынан – 1123 (же 46,0%);
  • Чүй облусунан – 413 (же 17,0%);
  • Ош облусунан – 314 (же 12,9%);
  • Жалал-Абад облусунан – 238 (же 9,7%);
  • Ысык-Көл облусунан – 106 (же 4,3%);
  • Баткен облусунан – 85 (же 2,5%);
  • Талас облусунан – 41 (же 1,7%);
  • анонимдерден – 59 (же 2,4%).

Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылган 9 абонентке телефон аркылуу борбордун кызматкерлери консультация берген, 3 факты анык болуп, 8 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 1 факты боюнча ата-энесине кылмыш иши козголгон, 1 психологиялык зомбулук көрсөткөн факт аныкталып, баланын атасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 5 кайрылуу боюнча фактылар аныкталган эмес, үй-бүлөлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

– 14 турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан жашаган жерине барып, изилденип чыгып, каттого алынды;

21 абонентке райондук, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктардын кызматкерлери тарабынан сунуштар жана консультациялар берилди.

5 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, балдарды реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 жашы жете элек бала табылып, балдар Борборуна убактылуу жайгаштырылды.

1 кайрылуу боюнча РШСӨБ кызматкерлеринин жардамы менен абонентке баласы менен жолугууга жардам көрсөтүлдү.

2 балага “балага сүйүнчү” жөлөкпул төлөндү.

Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн 6 факт боюнча 1 факт тастыкталаган эмес, РШИИБ кызматкерлери тарабынан зомбулук көрсөткөн адамдар менен профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Беловодскийдеги балдар психикалык ССМ кызматкерине болгон арыз текшерилди.

1 абонентке демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

3 абонентке тез жардам кызматын чакырууга жардам берилди.

Пикир

Оставить комментарий