• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Нарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилди

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тарабынан Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

“Учурда Нарын шаарында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору саналат. Шаардагы эпидемиологиялык абалды түзөтүүгө тийиштүү мөөнөт берилет, эгерде белгиленген мөөнөттө абал оң жагына өзгөртүлбөсө, шаардагы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, республика боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү алып караганда, оору катталган жаңы учурлар көбөйүүдө. "Бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берет, жер-жерлерде СOVID-19 дартынын алдын алуу, оорулуу менен байланышта болгон жактарды көзөмөлдөө иштерин күчөтүү керек”, - деп билдирди ал.

Өз кезегинде Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов оорунун очогу чыккан жерди курчоого алуу, шаарга кире бериштеги жана шаар ичиндеги блокпосттордун санын толуктоо, оорулуу менен байланышта болгон жактарды изоляциялоо иштерине басым коюлуп жаткандыгын билдирди. “Бишкектен көмөккө келген адистер менен биргеликте эпидемологиялык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Ооруну басаңдатуу боюнча санитардык-карантиндик талаптарды аткаруу иштери күчөтүлүүдө. Шаардык төрөт үйү дезинфекцияланып, таза жана кир зонага бөлүндү, ооруканада иштеген кызматкерлерден жана анда жаткан бейтаптардан толугу менен анализ алынды. Буга катар жер-жерлерде калк арасында түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлүүдө”, - деп маалымдады Эмилбек Алымкулов.

Кеңешменин жыйынтыгында бардык аймактарда, анын ичинде өзгөчө татаал эпидемологиялык абалга байланыштуу карантин киргизилген Бишкек жана Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагында санитардык-карантиндик иш-чараларды күчтөнтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий