• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Абдикаримов оору катталган жаңы учурлар көбөйүп жаткандыгын билдирди

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республика боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү алып караганда, оору катталган жаңы учурлар көбөйүп жаткандыгын Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Министрдин айтуусуна караганда, бул айрым аймактарда иштин тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгынан кабар берет.

"Жер-жерлерде СOVID-19 дартынын алдын алуу, оорулуу менен байланышта болгон жактарды көзөмөлдөө иштерин күчөтүү керек”, - деп билдирди ал.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарын шаарындагы эпидемиологиялык абал кыска мөөнөттө жакшыртылышы зарылдыгын билдирип, шаардагы эпидемиологиялык абалды калыптандырууга үч күндүк мөөнөт берди.

“Учурда Нарын шаарында контакттык оорулуулардын саны облуста жашаган калктын санына салыштырмалуу жогору саналат. Шаардагы эпидемиологиялык абалды түзөтүүгө тийиштүү мөөнөт берилет, эгерде белгиленген мөөнөттө абал оң жагына өзгөртүлбөсө, шаардагы тиешелүү мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги каралышы керек”, - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгында бардык аймактарда, анын ичинде өзгөчө татаал эпидемологиялык абалга байланыштуу карантин киргизилген Бишкек жана Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагында санитардык-карантиндик иш-чараларды күчтөнтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 16-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ге жетти. Алардын ичинен 248и медицина кызматкери. Илдеттен 783 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий