• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэр Суракматов: Бишкекте коронавируска чалдыккан такси айдоочусу үй-бүлөсүндөгү 6 адамга илдетти жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алган 25 адам бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында шаар мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, 7-апрелге карата Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталган.

"Илдетти жуктуруп алгандар менен 60ка жакын тууганы жана 204 бирге иштеген дос-тааныштары байланышта болгон. Белгилей кетсек, илдетти жуктуруп алгандардын ичинен таксист болуп иштеген жаран коронавирус жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин кошо ооруткан. Ошондой эле бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган", - дейт ал.

7-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 228ге жетти. Алардын ичинен 19у дарыгерлер. Алардын ичинен илдеттен 23 адам айыкты жана коронавирус жуктуруп алган 4 жаран каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий