• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Медкызматкерлерди ташуу үчүн 350 транспорт каражаты тартылды – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү ведомстволор менен биргеликте Улуттук жана Республикалык борборлордун кызматкерлерин, ошондой эле Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жана Тез медициналык жардам борборунун дарыгерлерин ташуу үчүн туруктуу транспорт уюштурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Азыркы убакта медициналык кызматкерлерди ташуу үчүн 350 транспорт каражаты тартылган.

Белгилүү болгондой, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун, Улуттук госпиталдын, Улуттук онкология жана гематология борборунун, Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө институтунун, Улуттук фтизиатрия борборунун, Улуттук хирургиялык борборунун, Карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча республикалык борбордун, Республикалык кан борборунун, Бишкек шаарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жана Тез медициналык жардам борборунун медиктерин ташуу үчүн транспорт каражаттары уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий