• 88.68
  • 95
  • 0.95

Статистика: Бүгүн дагы 345 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус дагы 345 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 224, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 77, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Баткен облусунда 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 265 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 166, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 75,Ош облусунда - 2, Талас облусунда -1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда -1 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 470 бейтап, амбулатордук түрдө 1 964 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1035 бейтаптын абалы орто оордукта, 346 адамдын абалы оор жана 72 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационарлардан 4, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 422 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 344 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 94 миң 944 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 88 миң 923 киши айыгып чыкса, 1 миң 598 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий