• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Разаков: Дүйнөлүк рыноктогу глобалдык атаандашуудагы маанилүү ролду санариптик технологиялар ээлеши зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 16.06.18. /Кабар/. «Дүйнөлүк рыноктогу глобалдык атаандашуудагы маанилүү ролду санариптик технологиялар ээлеши зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Челябинск шаарында (Россия Федерациясы) Жетинчи Кыргыз-Россия аймак аралык конференциясына катышуу алкагында Россия Федерациясынын санариптик өнүгүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министри Константин Носков менен жолугушуусунун жүрүшүндө. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Анын айтымында, санариптик модель эки тараптуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө гана көмөк көрсөтпөстөн, ошондой эле бизнести тыгыз кооперацияга стимулдаштырып, жарандардын убактысын жана финансылык чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет.

Вице-премьер-министр экономиканын структурасын кайрадан түзүүгө, ашыкча бюрократиялык институттардан арылууга жана жарандарга жана ишкерлерге мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматта сунуштоого мүмкүндүк берүүчү Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация боюнча долбоорлор тууралуу айтып берди.

Жеңиш Разаков санариптик экономиканы түзүүдөгү россиялык тажрыйбаны иликтөөгө кызыкдарлыгын билдирди. Тактап айтканда, ал Россия Федерациясынан төмөнкү долбоорлор боюнча көмөк алуунун маанилүүлүгүн белгиледи:

- ЕАЭБ алкагында товарлардын электрондук көзөмөлдөнүшү боюнча механизмдерин, товарларды идентификациялоо жана маркировкалоону ишке ашыруудагы жана ЕАЭБ Санариптик күн тартиби алкагындагы башка биргелешкен долбоорлор боюнча техникалык көмөк;

- ченемдик базаны жана тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүү, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча тажрыйба алмашуу;

- экономикада жана мамлекеттик сектордогу операцияларды жана транзакцияларды өркүндөтүү үчүн зарыл болгон программалык тиркемелерди иштеп чыгуу жаатындагы билим менен алмашуу.

Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулап, жолугушуунун жүрүшүндө талкууланган маселелер боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий