• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети жыл жыйынтыгын чыгарды. Күн тартибинде 18 маселе каралды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин 2023-жылдагы жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 18 маселени карашты.

Тактап айтканда, Министрлер Кабинетинин 2024-жылга карата иш планы бекитилди.

Залкар ойчул Жусуп Баласагындын чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында 21-сентябрь Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Жусуп Баласагын күнү деп белгиленген чечим кабыл алынды.

2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казуу иштерин жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны министрлер кабинети бекитти.

Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын объектилерин сактоону, изилдөөнү жана жайылтууну камсыз кылууну мамлекеттик колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан.

Министрлер кабинетинин жыйынында товарларды жана таңгактарды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилиги институтун киргизүү концепциясы жактырылды.

Документ экинчи даражадагы материалдык ресурстарды экономикалык жүгүртүүгө максималдуу кайтарууга жана керектөө калдыктарын көмүү көлөмүн минималдаштырууга багытталган мамлекеттик натыйжалуу жөнгө салуу моделин түзүү максатында иштелип чыккан.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты агартуучусу” республикалык сынактарын жыл сайын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов мамлекеттик органдардын уюштуруу, финансылык, чарбалык жана башка башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган министрлер кабинетинин токтомдорунун жана буйруктарынын долбоорлору, анын мазмуну жөнүндө баяндама жасады. Анын айтымында, акыркы 3 жылда министрлер кабинетинин 3846 актысы кабыл алынып, жылына орточо эсеп менен 1300 актыга жетет. Алардын 40%ы өзгөртүү жана толуктоо актылары. Докладды угуп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине, мамлекеттик органдарга берилген укуктун алкагында жергиликтүү актылары менен чечилиши мүмкүн болгон учурларда, токтомдор жана буйруктар түрүндөгү Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөө учурларын алып салуу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий