• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республикалык штабда өлкөдөгү вакцинациялоо темпинин маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 18.10.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын калкын COVID-19 каршы вакцинациялоонун жүрүшү, ошондой эле вакциналарды ташып келүү жана анын запасы боюнча маселе каралды.

Өз кезегинде Эдил Байсалов жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана аны күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кеңешменин учурунда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алуусу жана ал начарлаган учурда токтоосуз штабга маалымдап, тийиштүү чараларды кабыл алуусу тапшырылды.

Андан соң кеңешменин мүчөлөрү жеткирүүчүлөр алдында дары-дармектер боюнча крелдитордук карызды төлөө боюнча маселени талкуулады. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, аталган маселе үстүбүздөгү жылы чечилет.

Мындан тышкары, жолугушууда «кызыл зонадагы» медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр боюнча маселе талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий