• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Россиядагы КР жарандарынын балдары эс алуу үчүн "Алтын балалык" борборуна келди

Коом 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусундагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо-реабилитациялык борборуна Россиянын Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарында, Пермь аймагында, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарында жашаган Кыргызстандын жарандарынын 100 баласы дем алууга келди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окууда, чыгармачылыкта, спортто жана коомдук-маданий ишмердүүлүктө айырмаланган балдардын тизмеси Свердлов, Челябинск, Тюмень облустарындагы, Пермь аймагындагы, Ямало-Ненецк жана Ханты-Мансийск автономиялуу округдарындагы кыргыз коомдук диаспоралык уюмдарынын жетекчилери тарабынан түзүлдү.

"Бул иш-чара өлкө жетекчилигинин, КР Жогорку Кеңешинин жана министрлер кабинетинин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу тарабынан ишке ашырылып, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин балдарынын тарыхый мекени менен байланышын колдогон жана Ысык-Көлдө эс алуусун уюштурууга багытталган алгачкы долбоор болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий