• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн "Балдар дүйнөсүнө саякат" аттуу майрамдык программа өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Онлайн университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы бүгүн, 1-июнь саат 15.00дө "Балдар дүйнөсүнө саякат" аттуу майрамдык программа өткөрөт.

1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык программада изилдөөчү Ж. Сокурова кыргыз балдар адабияты тууралуу маалымат берет. Андан соң классик акындар А.Осмоновдун, Т.Кожомбердиевдин, Т.Самудиновдун, Т.Мукановдун ж.б. балдарга арнаган ырлары окулат.

Мындан тышкары, иш-чарада Ы.Кадыров, А.Эгембердиева, Г.Станалиева, А.Көкөева сыяктуу акындар балдарга арналган ырларын, кыска аңгемелерин окуп беришет.

Онлайн форматта өткөрүлө турган бул программада Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө жашаган балдар да катышып, кыргыз, орус, немис жана италян тилдеринде ыр окушуп, обондуу ырларды да аткарып беришет.

Эске салсак, Онлайн университетинин Балдар жана ата-эне лабораториясы муундар арасындагы байланыштар, үй-бүлө, ата-эне, балдар маселелери, анын ичинде балдарды китепке, искусствого кызыктыруу жана технология заманында балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тарбия берүү маселелери боюнча кеңеш берүү максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий