• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Жарандар салык декларациясын берүүдө социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, бирдиктүү салык декларациясын берүүдө салык кодексинде каралган социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарып алууга укуктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Социалдык эсептен чыгарып алууну салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы жыйырма төрт жаштан ашпаган адамынын билим алуусуна алууга болот.

Мында, социалдык эсептен чыгарып алуунун өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясы бар Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмунун дарегине же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталат. Ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн билим алууга эсептен чыгарып алууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.

Мүлктүк салыктык эсептен чыгарып алууну салык төлөөчү тарабынан ипотекалык кредит боюнча пайыздарды жоюуга иш жүзүндө төлөнгөн каражаттардын суммасынан алууга укуктуу, бирок бир жылда 230 миң сомдон ашык эмес.

Эсептен чыгарып алуулар салык төлөөчүгө салыктык каттоосу бар болгон жана ал Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган учурда, жазуу түрүндөгү арыздын жана жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документтердин негизинде берилет.

Салык төлөөчү салык органына эсептен чыгарып алуу үчүн жумшалган чыгымдарды далилдөөчү документ катары төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

1) Социалдык эсептен чыгарып алуу үчүн:

– арыз (DOC STI-162 формасы боюнча);

– билим берүү мекемеси менен декларант ортосунда түзүлгөн акы төлөөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө контракттын копиясы;

– билим берүү мекемесинин кызмат көрсөтүүсүнө төлөнгөн акы үчүн квитанциясынын көчүрмөсү;

– багуудагы адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү/бала асырап алганы жөнүндө документ;

– эгер багуудагы адам орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемесинде окуп жатса баланын/асырап алган баланын стипендия албагандыгы жөнүндө окуу жайдан маалымкат;

– декларанттын паспортунун, багуудагы адамдын паспортунун (бар болсо), деларанттын жубайынын паспортунун, никеси жөнүндө же никенин бузулушу жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөлөрү;

– декларанттын (негизги жана негизги болбогон) иштеген жеринен билим алууга социалдык чыгарып салууну берүү мезгилине дал келүүчү календарлык жылда эмгек акынын эсептелген суммасы, киреше салыгынын кармалган суммалары, эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр тууралуу белгиленген форма боюнча маалымкат (DOC STI-161);

– декларанттын жубайынын (негизги жана негизги болобгон) иштеген жеринен билим алууга социалдык чыгарып салууну берүү мезгилине дал келүүчү календарлык жылда эмгек акынын эсептелген суммасы, киреше салыгынын кармалган суммалары, эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр тууралуу белгиленген форма боюнча маалымкат;

– айыл өкмөтүнөн, башкаруу үйүнөн, турак жай менчик ээлеринин шериктигинен, кварталдык комитеттен, турак жай кооперативинен, башка турак жай-коммуналдык уюмдардан үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат.

2) Мүлктүк эсептен чыгарып алуу үчүн:

– арыз;

– декларанттын паспортунун көчүрмөсү;

– сатып алган кыймылсыз мүлккө техникалык паспорттун көчүрмөсү;

– ипотекалык кредит алууга банктык жана/же финансы-кредиттик мекеме менен түзүлгөн ипотека жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;

– күрөө жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;

– ипотекалык кредитти төлөө жөнүндө төлөм документтеринин көчүрмөлөрү;

– алынган, кайтарылган насыялардын жана алар боюнча ипотекалык насыянын төлөнгөн пайыздарынын суммалары жөнүндө банк мекемесинин маалымкаты;

– декларанттын (негизги жана негизги болбогон) иштеген жеринен билим алууга мүлктөй салыктык чыгарып салууну берүү мезгилине дал келүүчү календарлык жылда эмгек акынын эсептелген суммасы, киреше салыгынын кармалган суммалары, эмгек акыдан мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр тууралуу белгиленген форма боюнча маалымкат.

Эгерде салык төлөөчү үчүн турак үйдү, батирди курууга же сатып алууга чыгымдарды төлөө жумуш берүүчүнүн же башка субъекттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсө, ошондой эле эгерде турак үйдү, батирди, бөлмөнү же алардын үлүшүн сатып алуу-сатуу келишими өз ара көз каранды жактар болуп эсептелген жеке адамдардын ортосунда түзүлсө мүлктөй салыктык эсептен чыгаруу колдонулбайт.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн жана жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий