• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус илдетинен бир аптада 60 миң адам көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус вакцина алгандардын саны жогору болгон өлкөлөрдө чектөөлөр алынгандыгын, ошол эле учурда айрым өлкөлөрдө эмдөө начар жүрүп жатканын айтат. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтына жайгаштырылган маалыматка таянып Республикалык штаб билдирди.

"Бул начар жыйынтыктарга – жумасына 60 миң адам өлүмүнө, ошондой эле вирустун жаңы варианттарынын пайда болуу тобокелдигине алып келди", - деп айтылат маалыматта.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет эмдөөнү кечеңдетүү менен жаштардын бүтүндөй бир муунун жоготуп алуу мүмкүн деп билдирди.

“Билим берүү жабыркайт, жумушсуздук өсөт. Дүйнө жаңы кризистерге жана чакырыктарга карата туруктуу боло албай калат. Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү бүткүл дүйнө боюнча 10,5 млрд дозадан ашык вакцина киргизилген. Бул дүйнө калкын ооруканага жатып калуудан жана өлүмдөн сактоо үчүн жетиштүү. Бирок чындык ушундай – дээрлик 70 пайызы эмделген бай мамлекеттерге салыштырмалуу кирешеси төмөн өлкөлөрдө калктын 13 гана пайызы эмделген”, - деди Бачелет.

Пикир

Оставить комментарий