• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19дун оор формасы менен ооругандар 3 жумадан кийин кайра текшерүүдөн өтүшү керек – Сооронбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. COVID-19дун оор формасына чалдыккан бейтаптар 1 жуманын ичинде, бирок ооруканадан чыгарылгандан кийин 3 жумадан кечиктирилбестен кайрадан текшерүүдөн өтүшү керек. Бул тууралуу брифинг учурунда профессор, М.Миррахимов атындагы УКТБ пульмонология жана аллергология бөлүмүнүн башчысы Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, постковиддик синдром менен ооруган 10-20% бейтаптарда 30-60 күндүн ичинде кайра ооруканага жаткыруу зарылдыгы келип чыккан. «Бейтаптарды кайра госпитализациялоо кадимки же адистештирилген ооруканаларда жүргүзүлүүгө тийиш. COVID-19дун оор формасына чалдыккан бейтаптар 1 жуманын ичинде, бирок ооруканадан чыгарылгандан кийин 3 жумадан кечиктирилбестен кайрадан текшерүүдөн өтүшү керек»,-деди ал.

Сооронбаев реабилитация бардык бейтаптар үчүн милдеттүү болуп саналарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий