• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров: «Элге отчёт берүү өзүмдүн милдетим деп эсептейм»

Президент 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын саны басылды.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анда өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана алардын динамикасы, статистикалык маалыматтар келтирилет. Алсак, “Бюджеттин көбөйтүлүшү”, “Кумтөр кенинин Кыргызстанга кайтарылышы”, “Социалдык тармактагы жөлөк пулдардын жогорулоосу” өңдүү темалар камтылган.

"Эл кызматында 500 күн" макаласынан үзүндү келтиребиз;

«Элге отчёт берүү өзүмдүн милдетим деп эсептейм»

"2020-жылы болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жалпы эл тааныбай, натыйжада бийлик алмашты. Ошондогу окуялар өлкөнүн коомдук-саясий туруктуулугунун бузулушуна алып келди. Кыйын учурда депутаттар Кыргыз Республикасынын Премьер-министрлик кызматына мени сунушташты, Өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын аткаруу милдети мага жүктөлдү. Жүктөлгөн милдетти 2 ай аткардым. “Бардыгы мыйзам талаасында чечилсин” деген ниетте Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайлоо аркылуу аттанып, бүт милдетти тапшырып бердим. Таза, тең шайлоо өтсүн деген демократиянын принцибин бекем кармандым.

2021-жылдын 10-январында Президенттик шайлоону жана жалпы элдик Референдумду ийгиликтүү өткөрдүк. Шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болуп, биринчи тур менен Президент болуп шайландым. Бүткүл элдик добуш менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынып, Кыргыз мамлекети президенттик башкаруу формасына өттү.

Конституцияга ылайык аткаруу бийлигинин ишин жетектөө милдети толугу менен мага жүктөлгөн. Президенттин ыйгарым укуктарына ылайык элге кайрылууларды жасоого укуктуумун.

Мага ишеним артып, өлкө келечегин колума карматкан жалпы кыргызстандыктарга аткарган иштерим тууралуу отчёт берүү өзүмдүн милдетим деп эсептеймин.

Менин тилегим – Кыргызстанды өнүккөн, ар бир жаран өзүн бактылуу сезген өлкөгө айлантуу. Бул «Келечекке кызмат» аттуу программамдын негизги өзөгү", - деп жазылат макалада.

Эл койгон талаптар, берген убадалар

Президенттик шайлоого талапкер болуп чыкканда, элибиз негизинен ушул маселелерди талап кылган, мен дагы аткарам деп убада бергем:

  • Экономиканы калыбына келтирип, бюджетти кескин көтөрүү;
  • Элибиздин басымдуу бөлүгү кедей, ортодон ылдый деңгээлде жашайт.
  • Айрыкча жакырларга жакындан жардам берүү;
  • Пандемиянын толкуну менен катуу күрөшүү;
  • Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу;
  • Эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүү.

Казынадан уурдагандар — он эселеп кайтарып жатат

Бийликке келген биринчи күндөн баштап, мамлекеттин эсебинен байыгандар менен катуу күрөш жүрдү. Ачылган коррупциялык схемалар боюнча мамлекеттин кирешесине 8 млрд сомдон ашык каражат жана мүлк түрүндө кайтарылды, жогорку кызматтагы аткаминерлер, сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камакка алынды, жоопкерчиликке тартылды. Коррупцияга каршы күрөш улантылууда. Карапайым калктын казнасынан уурдагандар — он эселеп кайтарып жатат.

Туура саясат, өзгөрүлгөн система —  казынаны толтурат

2021-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары биринчи жолу 280 млрд сом өлчөмүндө пландаштырылса, натыйжалуу фискалдык саясаттын натыйжасында кирешелер 32 млрд сомго өскөн. Консолидацияланган бюджет 312 млрд сомго жетип, 2020-жылга салыштырганда 64,5 млрд сомго көп. 5 жылдын ичинде эң көп чогулганы 148 млрд сом болгон.

Башкаруу системасын өзгөртүп, фискалдаштырууну күчөтүп, коррупцияны кыскартуу менен кошумча акча каражатын тапканга жетиштик. 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 млрд сомдон ашырууга толук фундамент түзүлдү.

Белгилей кетчү нерсе, быйылкы жылга Бажы кызматы менен Салык кызматынын планы дагы 100 млрд сомго көбөйтүлдү, ар бирине 50 млрдга жакын. 2022-жылдын планын аткаруу - буга чейин жылдан-жылга башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жаткан миллиарддаган сомду бюджетке кайтаруу дегенди билдирет.

2023-жылга тышкы карызды төлөөнүн эң чоң көрсөткүчү туура келет, ушуга байланыштуу Аткаруу бийлиги бюджетке акча түшүрүүнүн жогорку темпин сактап, 500 млрд сомго, 2024-жылы 600 млрд сомго чейин жеткирүүнү пландап жатат.

Салык —  бул бюджеттин негизги булагы

Бийлик бюджетти толтуруу үчүн жаңы салык ойлоп тапкан жок. Экономиканын ар кандай секторлорунда бир катар реформаларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун натыйжасында ийгиликтерге жетише алды.

Кирешени көбөйтүүнүн гана үстүндө иш алып барды. Тандап алган багыт туура экенин реалдуу сандар далилдеп турат. Бул цифралар жомок эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы экенин тастыктайт.

Салык кызматы 2013-жылы 37 млрд сомду 1 жылда чогултуп, бекитилген планды 97,2%га аткарган. Аткаруу бийлиги 2022-жылдын 5 айынын ичинде эле 60,8 млрд сом салык чогултту. Реалдуу сандар дээрлик 2 эсеге көп экенин ачыктайт.

Пикир

Оставить комментарий