• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапарынын алкагында Берлин шаарында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүнүн башында Канцлер Олаф Шольц Президент Садыр Жапаров менен кайрадан жолугушууга кубанычта экенин белгиледи.

Ал бул жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

Баарлашуунун жүрүшүндө Олаф Шольц Германиянын Кыргызстан менен аймактар аралык жана эки тараптуу кызматташуу форматында кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирди.

Федералдык канцлер динамикалуу өнүгүп жаткан кыргыз-герман мамилелерин канааттануу менен баса белгилеп, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жана бизнес чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын акыркы мезгилде активдешине канааттануусун билдирди. Ал белгилегендей, бүгүн Берлинде биринчи жолу “Германия-Борбор Азия” Саммитин өткөрүү демилгеси өз убагында көтөрүлгөн.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн бул формат декларативдүү-саясий мүнөздө гана болбостон, конкреттүү экономикалык долбоорлорго да толгону абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкка токтолуп, мамлекет башчысы бул багытта да белгилүү бир активдешүү бар экенин белгиледи. Ноябрда Гамбург шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйыны өтүп, ага Кыргызстан менен Германиянын көптөгөн ишкерлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгаруучу заводду куруу боюнча Германиянын «Кнауф» компаниясы менен кечээ өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлганын айтып, эки өлкөнүн инвестициялык кызматташтыгы мындан ары дагы өсөөрүнө ишеним билдирди.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелердин бири – гидроэнергетикага да токтолуп, кыргыз тарап бул багытта да кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын камтыган бардык багыттар боюнча кыргыз-герман мамилелерин чыңдоо жана өнүктүрүү курсун улантууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий