• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Матвиенко Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.

“Сиздин 60 жылдык мааракеңизге байланыштуу менин чын жүрөктөн чыккан чыккан куттуктоомду кабыл алып коюңуз.

Сиз мекендештериңиздин арасында Кыргыз Республикасынын жана анын элинин алдында турган актуалдуу маселелерди чечүүдө жеке чоң салымыңызды кошо турган, тажрыйбалуу жана кыраакы мамлекеттик ишмер катары кадыр баркка ээсиз.

Стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты бекемдөөгө, Евразиялык экономикалык бирликтин, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара натыйжалуу аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган Сиздин жигердүү ишмердүүлүгүңүздү Россия Федерациясы жогору баалайт.

Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарына жооп берген ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө болчу парламенттер аралык конструктивдүү диалогго Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңеши мындан ары дагы даяр”- деп белгиленет Россия Федералдык Кеңешинин төрайымынын куттуктоосунда.

Валентина Матвиенко Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана бакубаттуулук каалады

Пикир

Оставить комментарий