• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президентин кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Эрсин Татар Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган коференцияга катышуу үчүн өлкөгө жеке визит менен келген.

"Тараптар бейформал жагдайда сүйлөшүп, тамактанышты", - деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы.

Пикир

Оставить комментарий