• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Садыр Жапаров: Өткөн жылы ЕАЭБдин өз ара соодасынын көлөмү 32 пайызга өстү

Президент 0

Бишкек, 26.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 26-майда президент Садыр Жапаров Бишкектеги Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышып жатат.

Мамлекет башчынын айтымында, 2021-жылы ЕАЭБдин ИДПсынын өсүшү 4,6% түздү, өз ара сооданын көлөмү 32%га өстү. Ошол эле учурда Кыргызстандын ИДПсы 3,6%га өсүп, төрт айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 5,4%ды түздү. Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 40%га, ал эми биринчи кварталда 21%га өстү.

“Мунун баары пандемияга байланыштуу чектөөлөргө жана ЕАЭБге мүчө айрым өлкөлөргө карата жасалган тышкы кысымга карабастан болуп отурат. Булар биздин жакшы координацияланган жана жолго коюлган ишибиздин натыйжасы экенин дагы бир жолу белгилегим келет. Биз алдыда турган бардык кыйынчылыктарды биргеликте жеңе аларыбызга ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий