• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Санат-насыятты QR-код менен угуп-окуса болот. “Улуу мурас” жыйнагынын бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 18-апрелде “Улуу мурас” аталышындагы хрестоматиялык жыйнактын бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аталган жыйнакта айтыш, жоктоо, терме, санат-насыят, казал жана көлөмдүү ашыктык, арман ырларынын атайын жаздырылган аудио материалдары текст, нота жана QR-код менен заманбап ыкмада камтылган.

Хрестоматиялык жыйнак "Манас" театрынын дастанчыларынын демилгеси менен жазылып, "Кристенсен" фондунун демөөрчүлүгү жана "Дастанчы" коомдук фондунун жетекчилиги астында басылып чыкты.

Жыйнактын бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев, эл артист Замирбек Үсөнбаев, академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын эмгек жамааты жана бир катар маданият ишмерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий