• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санжар Муканбетов: Күчтүү аймактар – өлкөнүн мыкты таянычы

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.18 /Кабар/. Күчтүү аймактар – экономикалык жактан өнүккөн өлкөнүн мыкты таянычы. Муну эске алуу менен, 2018-жылы аймактардын инфраструктурасын жакшыртууга, инвестицияларды тартууга жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө басым жасалат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов бүгүн, 6-мартта, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча уюштуруу комитетинин экинчи көчмө жыйынында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги шарты катары мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдерин жергиликтүү шарттардын өзгөчөлүгүн жана артыкчылыктарын эске алуу менен ага ылайыкташтыруу болуп саналат.

Буга катар ар-бирибиз Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагындагы иш-чараларды иш жүзүнө ашырууга жоопкерчиликтүү мамиле кылуубуз керек.

Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүүдө республиканын аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана карапайым жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн өбөлгөлөр түзүлөт», - деп белгиледи вице-премьер-министр Санжар Муканбетов.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгында каралган иш-чаралардын өз учурунда жана толук кандуу аткарылышына багытталган бир катар чечимдер кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий