• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Шаардыктар ысык суунун жоктугуна нааразы. “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 23.06.23. /Кабар/. “Электр станциялары – “Бишкек жылуулук тармактар” ААК филиалы “Кабар” агенттигине борбор калаанын айрым райондорунда ысык суунун берилбей жаткандыгынын себебин түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, Бишкекте ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлгөн. Мындай өчүрүүлөр профилактикалык иштерди жүргүзүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында жыл сайын болуп келет.

Бирок, күн мурун, 22-июнда (суунун бериле турган күнү) жана бүгүн, 23-июнда борбор калаанын көптөгөн жашоочулары социалдык тармактарда суу берилбей жаткандыгына нааразычылыктарын билдиришкен.

“Бишкек жылуулук тармактар” ишканасынан билдиришкендей, абоненттерге суу берүү түйшүктүү иш болгондуктан убакытты талап кылат. Учурда суу берүүнү жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.

“Жакынкы эки күндүн ичинде бардык абоненттерге ысык суу берилет. Шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, борбор калаа тургундарынын үйлөрүнө ысык суу өткөн жылдарда өз убагында берилип келген.

Пикир

Оставить комментарий