• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо өткөрүү Штабын Толкунбек Абдыгулов жетектейт

Өкмөт 0

Бишкек, 10.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын курамына киргизилгендер:

- Момуналиев Нурханбек Сакенович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, Республикалык штабдын төрагасынын орун басары;

- Айдарбеков Айбек Акматбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, республикалык штабдын мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий