• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү! Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. 9-11-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий