• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сириядагы лагерлерде кармалган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 15-ноябрда Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Карлос Батайас менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сирия Араб Республикасынын (САР) лагерлеринде кармалып турган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу жана мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылыштан жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов Карлос Батайаска 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон окуялар жана аларга мамлекет тарабынан жардам көрсөтүү маселелери тууралуу маалымат берди. Кыргыз тарап чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча бардык маселелерди тынчтык, дипломатиялык жол менен гана чечүү ниетин ырастады. Ошондой эле ал Баткен облусундагы жабыркаган үй-бүлөлөргө каржылык жана материалдык жардам көрсөткөн ЭКККга ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Сириядагы лагерлерден биздин жарандарды мекенине кайтаруу, аларга психологиялык, социалдык жана медициналык жардам көрсөтүү, андан ары коомго аралашуусу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар айтылды. Кыргыз тараптын Кыргыз Республикасындагы ЭККК тарабынан гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүүнү күчөтүү боюнча каалоолору белгиленди.

Өз кезегинде ЭКККнын өкүлдөрү кыргыз тарапка Сирия лагерлериндеги жарандарын жана жетим калган балдарын кайтарып берүү боюнча ар тараптуу умтулуусу жана ыкчам аракети үчүн ыраазычылык билдиришти.

Карлос Батайас кыргыз тарапты Кыргызстандагы ЭККК мындан ары да мамлекеттик органдарга жана репатрианттарга алардын коомго көнүү жана жуурулушуусу үчүн гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтөрүн ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий