• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сот "Алтуха" каймана аты бар кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөрттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Кримчөйрөдө "Алтуха" каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-марттан тарта Алтынбек Ибраимовдун үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сотко чейинки өндүрүш ишинин аягына чейин сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 13-январында УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Алтынбек Ибраимов аттуу УКТнын активдүү мүчөсүн кармаган.

Пикир

Оставить комментарий