• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Советтер Союзунун Баатыры Панфиловдун жаңыланган эстелиги Кыргызстанга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Кечээ, 23-ноябрда Россиянын Свердлов облусунан унаа менен өзгөчө жүк - Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В.Панфиловдун жаңыланган эстелиги Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эстелик жүктѳлгѳн автоунааны Бишкек шаарына узатууга Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов жана «Дубровин» эстелик куюучу устаканасынын жумушчулары катышты.

И.В.Панфиловдун эстелигин реконструкциялоо долбоору Кыргыз-Россия аймактар аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында, Россиянын Свердлов облусунун өкмөтү тарабынан облустук губернатору Е.Куйвашевдин жеке камкордугунун астында ишке ашырылган.

Эстелик Свердлов облусу тарабынан Кыргызстандын борбор шаарына белекке берилет. Колодон жасалган скульптура Иван Дубровиндин жетекчилиги астындагы «Дубровин» эстелик куюучу устаканасы тарабынан Бишкектеги И.В.Панфилов атындагы сейил багындагы эстеликтин түп нускасынын кѳчүрмѳсүнүн негизинде куюлган.

Жаңыланган эстеликтин ачылыш аземи 2021-жылдын декабрь айынын башында Бишкек шаарындагы сейил бакта Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда боло тургандыгы пландаштырылган.

Бул азем Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында советтик аскерлердин фашисттик баскынчылар менен чечүүчү салгылашууда генерал И.В.Панфиловдун башчылыгы астында 316чы (8-гвардиялык) аткычтар дивизиясынын аскерлеринин эрдигинин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково жолундагы салгылашта Москваны фашисттик баскынчылардан коргоо учурунда 316чы (8-гвардиялык) аткычтар дивизиясынын 28 жоокери немистердин жыйырмага жакын танкасын жок кылып, ошону менен чабуулду токтотушкан. И.В.Панфиловдун эстелиги кыргыз жергесинде 1942-жылдын ноябрь айында тургузулган. Ал бүткүл Советтер Союзунда биринчи болуп Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларын түбөлүккө калтырган.

Панфилов дивизиясы 1941-жылдын июнь-август айларында түзүлгѳн. Дивизиянын негизги түптѳлүшүн Кыргызстан менен Казакстандын тургундары түзгѳн. Дивизиянын командири генерал-майор И.В.Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.

Пикир

Оставить комментарий