• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Султанбекова райондук соцөнүктүрүү башкармалыктарында коррупциялык тобокелдиктер бар экендигин белгиледи

Коом 0

Бишкек 16.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2017-жылкы ишинин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча ведомствонун коллегиялык кеңешмесине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, министрлик тараптан төмөнкү программалык документтерде: 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы, КР Өкмөтүнүн 2017-жылга карата иш чаралар планы, Коррупция менен күрөшүү иш чаралар планы, 2016-2017- жылдарга Кыргызстандын калкын социалдык жактан коргоону өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жана башка программаларда белгиленген тапшырмалар боюнча бир катар жумуш жүргүзүлгөн.

Жылдыз полотова билдиргендей, бүгүнкү күндө экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык төлөмдөр толук көлөмдө төлөнүп берилүүдө. 2018-жылдын 1-январына карата жөлөкпул жана компенсация түрүндөгү социалдык төлөмдөрдү 470 миңден ашуун адам алды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилигинин жыл жыйынтыгы боюнча маалыматы менен таанышып, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ведомствонун жетишкендиктери менен катар чечүүнү талап кылган бир нече маселелерге токтолду.

Анын айтымында, мамлекеттин социалдык саясатында жыйынтыкка жетүү үчүн министрлик тарабынан бир катар реформалар белгиленген, алар калктын жашоо деңгээлин жана аяр катмардагы жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

“Бул жерде, чоң жетишкендиктерге карабастан, министрлик тарабынан көп жылдар бою чечилбей келген көйгөйлөр мамлекеттин социалдык саясат тармагындагы алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө терс таасирин тийгизип келет. Атап айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо деңгээлин жогорулатуу жаатындагы жаңы кадамдарды киргизүү кесепеттеринин начар болжолдонушу жана эсептөөлөрдөгү катачылыктар "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" кабыл алынган КР Мыйзамынын аткарылышын кийинкиге калтырууга алып келген. Ошондой эле, калкты жатып ичерлик маанайдан аяр катмардан чыгууда активдүү позицияга тартуу маселеси актуалдуу бойжон калууда. Азыркыга чейин "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөө негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу алкагында ченемдик-укуктук актыларды өркүндөтүү маселеси чечиле элек”, - деди ал.

Чолпон Султанбекова ведомствонун программасы өз максаттарына жеткенби деп кызыкты. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери социалдык тейлөө эмне экенин жана ал кандай иштээрин билбейт. Кеп программада эмес, кеп – системада. Эң мыкты программа жазып чыкса болот, бирок система бүгүнкү турмуштун талабына жооп бербесе, анда аны өзгөртүү керек.

«Эгерде бизде социалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө мыйзам жок болсо, кайсы социалдык тейлөө тууралуу сөз кылууга болот? Жана биз социалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө мыйзам кабыл алмайынча, эч нерсе өзгөрбөйт», - деди ал.

Вице-премьер-министр райондук төрт социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниктерин жөлөкпул алгандардын саны жогорулагандыгына байланыштуу сынга алды.

Чолпон Султанбекова райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында чоң коррупциялык тобокелдиктер бар экендигин белгиледи.

«Сиздер айлык акыны жогорулатууну өтүнөсүздөр, ошол эле учурда төмөнкү айлык акылуу жумушка Жогорку Кеңештин депутаттары аркылуу орношосуздар. Сиздер айлык акынын төмөндүгүнө карабастан, иш ордуңуздарды бошоткуңар келбейт, анткени, анда коррупциялык схемалар бар», - деди ал.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр министрликтин көңүлүн жалаң гана орун алган көйгөйлөрдү чечүүгө эмес, балдар жакырчылыгынын көрсөткүчтөрүн төмөндөтүү, жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарын эске алуу менен үй-бүлөнү жана анын чөйрөсүн чыңдоого багытталган жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүү боюнча комплекстүү тутумду түзүү, гендердик укук бузууларды төмөндөтүү, үй-бүлө институтун алга жылдыруу боюнча чараларды камсыздоо үчүн механизмдерди киргизүү маселелерине да бурду.

Пикир

Оставить комментарий