• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суусамырда беш миң гектар арпа аянты кар алдында калды – депутат

Аймак 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү акыркы абал тууралуу кеп кылды.

Депутаттын айтымында аталган аймакта 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калган.

“Жергиликтүү эл райондук администрацияга, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баштаган бир катар мекемелерге кайрылып, бирок эч кандай жооп ала алышкан эмес. Көпчүлүк дыйкандар насыя алып, эптеп айдаган эгиндеринен кол жуушту. Анткени, суусамырлыктар табияты катаал аймакта мал чарбачылыгы менен катар арпа эгинин гана эгип, оокат кылышат. Ал эми 5000 гектар жер деген чоң аянт. Буга ылайык, тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү тез арада жеринен кабар алып, кесепеттерди жоюуга аракет көрүшү керек”, – деди Тынчтыкбек Конушбаев.

Кошумчалай кетсек, быйыл Суусамырда 6100 гектар жерге арпа айдалган.

Пикир

Оставить комментарий