• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак районунда 29 миң пенсионер бар – Омошев

Аймак 0


Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Сузак районунда 29 миң пенсионер бар. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Анын айтымында, райондо мурда 10 миңге жакын пенсионер пенсиясын почта аркылуу алчу. Ал эми 20 миңге жакын пенсионер акчаларын банк аркылуу алып келген. Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондогу бардык пенсионерлерге акчаларын почта аркылуу жеткирүү чечим кабыл алынган.

"Пенсияны почта аркылуу жеткирүүдө мүчүлүштүктөр болду. Анткени айрым пенсионерлердин жашаган жери көрсөтүлбөй калыптыр. Ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Жашаган жериңиз башка болсо же Жалал-Абаддын сыртында болсоңуз өзүңүздөрдүн айыл өкмөтүңүздөргө кайрылсаңыздар, биз сиздердин пенсияңыздарды эсебиңиздерге жүктөп койгонго аракет кылалы. Пенсияны 23-апрелге чейин таратып бүтүүнү пландап жатабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий