• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага Валентина Матвиенкону Россия күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун дарегине Россия күнү менен куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоо катында мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Федерация Кеӊешинин депутаттарын Россия күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргы-орус кызматташтык мамилелеринин кыйла жандуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилегим келет. Достукка жана өз ара көмөк көрсөтүүгө таянган эки өлкөнүн ортосундагы байланыштар мындан ары да биздин элдердин кызыкчылыгында өнүгө бере турганына тереӊ ишенем. Биздин парламенттер аралык кызматташтык да Кыргызстан менен Россиянын байланыштарынын чыӊдалышына өбөлгө түзөрү бышык. Мен өзүм да Жогорку Кеӊеш менен Федерация Кеӊешинин ортосундагы кызматташтык мамилелердин бекемделишине салым кошууга даярмын.

Мына ушул жагымдуу жагдайды пайдалануу менен, урматтуу Валентина Ивановна, Сизге чыӊ ден-соолук, бакубат турмуш, ири ийгиликтерди, ал эми Россия калкына өсүп-өнүгүү каалаймын».

Пикир

Оставить комментарий