• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөн бийлиги коммуналдык төлөм акыларын алдын-ала талап кылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.01.18 /Кабар/. Түркмөн бийлиги Дашөгүз облусунун жашоочуларынан али көрсөтүлбөгөн коммуналдык кызмат үчүн акча жыйнай баштады. Өлкөдө буга чейин коммуналдык төлөмдөр жыл соңунда чогултулуп келген.

Бийлик бир жылдык коммуналдык кызмат акыларын алдын-ала жыйноонун себептерин түшүндүргөн жок.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, өрт өчүрүү, газ, электр кубаты жана суу менен камсыздоо кызматтарынын өкүлдөрү үйлөрдү кыдырып, тургундардан 2018-жыл үчүн коммуналдык төлөмдөрдү талап кылышууда.

Жергиликтүү бийлик ар бир үй-бүлөдөн газ үчүн 20 манат (6 доллардын тегереги), суу үчүн 24 жана электр кубаты үчүн 30 манаттан талап кылууда.

“Эч ким сенин жашоо абалыңа көңүл бөлбөйт. Эгер төлөй албасаң 100дөн 420 манатка чейин айыппул төлөшүң керек”, – деп билдирди дашөгүздүк тургун.

Түркмөнстанда 25 жыл бою суу, электр кубаты жана газ үчүн берилип келген жеңилдиктер 2017-жылдын аягында жоюлган. Ага кошумча ноябрдан тарта коммуналдык кызмат акылары жогорулаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий