• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясына заманбап жабдуулар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Бүгүн КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлү Аднан Куреши менен Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясында болушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Түштүк аймактык топурак-агрохимиялык станциясына топуракты анализдөө үчүн заманбап жабдууларды тапшырды.

"Адамдардын бекем ден соолугу топурактын асылдуулугуна байланыштуу болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндө улуттун ден соолугун сактоо эле эмес, дыйкандардын продукцияларынын сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу, бул өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатуу үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү",- деди Аскарбек Жаныбеков.

Топурактын деградациясы тамак-аш өндүрүшүнө таасирин тийгизип, азык-түлүк коопсуздугу көйгөйлөрүн жаратып, продукциялардын бааларынын туруксуздугун жогорулатып, адамдарды миграцияга кетүүгө мажбурлоодо жана аларды ого бетер аялуу абалга келтирди.

"Кыргызстанда азык-түлүктүн экспорттук кирешенин жана өндүрүшүнүн потенциалы айрыкча, өлкөнүн түштүгүндө эбегейсиз зор. Министр айтып өткөндөй азык-түлүктүн сапаты топурактун асылдуулугуна байланыштуу. Ошондой эле, дыйкандар көп жана жакшы түшүм алышы үчүн жер кыртышын талдоо менен үзгүлтүксүз анализ жасап туруусу зарыл", - деди ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Аднан Куреши.

Мындай жабдыктар ФАОнун долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк экологиялык фонд тарабынан каржыланып, Бишкек жана Ош шаарларындагы лабораторияларга өткөрүлүп берилди. Анын жардамы менен адистер эми топурактын курамы жана абалы боюнча өз убагында так изилдөө жүргүзүп, өндүрүлгөн продукцияны өркүндөтө алышат.

Пикир

Оставить комментарий