• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 61 кг салмак даражасында беттешип, алгач азербайжандык балбынды 5:0 эсебинде, чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып, жеңилип калган.

Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу жапониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий