• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто “Түштүк Экспо — 2023” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Түштүк Экспо — 2023” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт. Иш-чара бүгүн, 18-сентябрда саат 09:30да ачылат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Көргөзмө-жарманкеге Россия, Германия, Кытай, Иран, Беларусь, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Оман мамлекеттеринин бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Чүй облустарынын жеке ишкерлери катышат.

Иш-чаранын максаты – ата мекендик компаниялардын продукциясынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рыногуна чыгышына көмөк көрсөтүү, экономиканын түрдүү тармактарындагы акыркы жетишкендиктерди көрсөтүү, мындан ары да өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү. Кыргызстандын аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү жана чыңдоо.

Жарманкенин алкагында Кыргызстан менен бир нече өлкөнүн ишкерлери кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коет деп күтүлүүдө.

“Түштүк Экспо — 2023” көргөзмөсү боз үй шаарчасын жана гастрономиялык борборду ачуу жана концерттик программа менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий