• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести боюнча үч күндүн жыйынтыгы

Коом 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык талапкерлерден сынак алуу 26-июлда башталган.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы билдиргендей, 26-июлда алгач талапкер Нышанов Назарбек Айтбекович саат 9:00-11:00 чейинки аралыкта сынактан өтүп, 74,15 балл алды. Андан соң талапкер Сариев Темир Аргембаевич саат 13:30-15:30 чейин сынак тапшырып, жыйынтыгында 81,8 балл топтой алды. Соңунда, дагы бир талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич саат 15:00-17:00 чейинки убакытта 61,2 балл менен сынакты ийгиликтүү тапшырды.

27-июлда тестирлөөдөн өткөн талапкерлер Карасартова Рита Рахмановна 86 балл, Дегенбаев Бакыт Кудусович 89,5 балл, Султанидинов Сайнидин Султанидинович 60,35 балл, ал эми Шаршекеева Камила Дуйшебаевна 80,9 балл алды.

Тестирлөөнүн үчүнчү күнүндө, 28-июлда Бакир уулу Турсунбай 88,6 балл, Торобаев Бакыт Эргешевич 71,8 балл, Масадыков Таалатбек Шамудинович 79,8 балл алса, ал эми Бабанов Омурбек Токтогулович 93,5 баллга ээ болуу менен, сынактан ийгиликтүү өттү.

Сынактан өткөн талапкерлерге топтогон баллы тууралуу дароо маалымат берилип, күндүн жыйынтыгы менен В2 деңгээлиндеги сертификаттары тапшырылууда.

Эртең 1-августта талапкерлер Муратбекова Замира Абдыкеримовна саат 9:00-11:00 аралыгында, Энназаров Санжарбек Арзыкулович саат 10:30-12:30 чейин, Абдрахманов Сагынбек Уметалиевич саат 13:30 дан 15:30га чейин, ал эми Чолпонбаев Мукар Шалтакович саат 15:00-17:00 чейин тестирлөөдөн өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жобого ылайык талапкерлер төрт субтесттен турган (“Лексика-грамматика, жазуу”, “Аудирлөө”, “Окуу” жана “Сүйлөө”) тестирлөөдөн өтүшөт. Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60%ынан ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100%дын ичинен 60%дан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет

Эске сала кетсек, бүгүн 31-июлда талапкерлер “Кыргызтест” борборунда машыгуу тестинен өтүп жатышат. Көндүм тестинен өтүү саат 17:00гө чейин уланмакчы.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча байма-бай маалыматты Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын mamtil.kg расмий сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий