• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таласта китеп окуу сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Талас облусунда биринчи жолу масштабдуу «Китепкөй Талас» аталышында китеп окуу сынагы өттү.

Талас шаардык мэриясынан билдиришкендей, сынак "Сингапур билим берүү системасы", "Кылычсыз самурай", "Ийгиликти көздөй" китептеринин негизинде жүргүзүлдү.

Сынакка мектеп окуучулары, мугалимдер жана жалпы окурмандар катышып, тестке мыкты жооп берген окурмандар баалуу байгелер менен сыйланышты. Сыйлоо аземи Талас шаарындагы А. Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде уюштурулду.

Аталган сынактын байге фонду 500 миң сомду түзүп, ийгилик жараткан 1-орундан 10-орунга чейинки окурмандарга кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Сынак OKU.KG тиркемеси аркылуу жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий